Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

Балдар — биздин келечегибиз!

4 июн, 2019


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик бирлик комитети  жылдагыдай эле 1-июнь “Балдарды коргоо күнүнө” карата майрамдык оюн-зоок программасын жогорку деңгээлде  өткөрдү. 

Кесиптик бирлик комитетинин “Жаштар канаты” тарабынан даярдалган Университеттин кызматкерлеринин балдарына жалпы эле бөбөктөргө  арналган майрам эки бөлүктөн турду. Биринчи бөлүгүндө Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Жумабеков Кубанычбек Сатарович  балдарды майрамы менен куттуктап,  узун өмүр, чың  ден-соолук каалап, балдар биздин келечегибиз экенин айтып, Кесиптик бирлик комитети бүгүнкү майрамга чоң жоопкерчилик менен даярданганын баса белгиледи.  Жомоктогу ар түрдүү каармандар клоун, спанч боб балдардын  ырларынан куралган музыкага флешмоб бийлешти.  Андан соң орус  элинин  “Репка богатырь” аттуу жомогу коюлду. Балдарга бул жомок абдан жакты. Себеби алар жомок бүткөндөн кийин жомоктогу каармандар тууралуу суроо-викторинага мыкты жооп беришти.  Балдарга арналган белгилүү ырлар ырдалып,  клоундар карта менен  турдүү фокустарды, акробатикалык кызыктуу көнүгүүлөрдү көргөзүп жатышты.

Экинчи бөлүгүндө бөбөктөр үчүн спорттук оюндар ойнотулду.  Аркан тартыш, скакалка менен секирүү, обруч менен топ ыргытуу айтоор сонун оюндар ойнотулду. Оюнга катышкан баардык катышуучуларга түрдүү белектер таратылды.  Түстүү борлор менен сүрөт тартышты.  Бул бөбөктөрдүн чыгармачылык шыгын өстүрөт.  Аягында  Кесиптик бирлик комитетинин таттуу балмуздактары   таратылып,  майрамга келген ар бала жомоктогу ар түрдүү каармандар, клоун, спанч боб менен бийлешти.

 

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK