Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

Кесиптик бирлик комитети жаштар, студенттер үчүн билим, маданият, ийгилик, эмгекке жетелеген жаңы долбоор баштады.

5 окт, 2019


Ар бир адам ийгиликке жете аларын, ал ийгилик  үчүн студенттик кез, студенттик аудитория болуп көрбөгөндөй сонун мүмкүнчүлүк болоорун айгинелеп көрсөтүү максатында “PRO-MASTER”  аттуу сонун жаңы долбоор башталды.  Демек, “PRO-MASTER”  ар башка  кесиптеги кесипкөйлөр менен бетме-бет жолугушуу! Көзмө-көз отуруп көөдөндөгү көксөөнүн, каалоонун ишке ашыруунун жолун көрүү! КУУнун Кесиптик бирлик комитети баштаган  ишти Орбита.кж маалымат-аналитикалык сайты “Билим илим долбоорлорун колдоо” максатындагы атайын долбоору менен бул программаны коомчулукка жеткирип,  маалымат булагы катары колдоо көргөздү.“PRO-MASTER”дин  коноктору бүгүнкү күндө өз тармактарында абдан жакшы денгээлдеги  ийгиликке жетип,  жаш курагына карабай  ишинин мыктысы аталган сыймыктуу кесип ээлери болду.

Алар:

1 . Карачалов Элдияр Разылбекович — Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасы,Солидардуулук  Борборунун эксперти.

2. Аскар Кубанычбекович — Банктар аралык финансы жана банк иштери боюнча башкы адис .

3.Күрүчбеков Аскар Бактыбекович -Бишкек шаардык кеңештин депутаты, жеке ишкер.

Аты аталган  коноктор  60ка жакын  университеттин 23 факультеттетинен  келген каалоосу күч, кызыктар  студенттерге ийгилик сырлары, жакшы жумушка жетүүгө болгон кадамдары, убакытты кантип туура, так бөлүштүрүүнү, бир күндө бир канча иш жасап, күжүрмөн эмгек жасагандары тууралуу айтып беришти. Бардык сүйлөшүүлөр эркин форматта болуп,  суроосу бар студенттер дароо суроолорун берип, жооп алып жатышты. Дагы бир жакшы нерсе студенттер келген коноктордун даректерин алышып, келечек пландарын айтышып, аларга практикага бара турган болушту. Өлчөнгөн убакыт бүтүп, жыйынтыкталган соң дагы студенттер каалаган коногуна суроо берип, сүрөткө түшүп жатты. Бул да болсо кызыктар, өсөм деген, өнүгөм деген жаштар үчүн эки жарым саат убакыт да аздык кылаарынан кабар берди окшойт. Чынында ийгиликке, жакшы ишке багытталган кадам сөзсүз түрдө натыйжа алып келээрине бул долбоорго катышкан  студенттер жакшы  түшүнө алды. Себеби келген ар бир конок угуучулардын жан дүйнөсү менен жай баракат сүйлөшө алды.

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK