Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

КУТТУКТАЙБЫЗ ! ! !

21 фев, 2019


УРМАТТУУ  КЕСИПТЕШТЕР  ЖАНА СТУДЕНТТЕР !

Кыргыз  улуттук  университетинин Кесиптик бирлик комитети 23-февраль  Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт.

Бул- эр жүрөктүүлүктүн, туруктуулуктун, руху күчтүү жана мекенчил мырзалардын майрамы. Патриоттуулуктун, эрдиктин ошондой эле муундан-муунга келе жаткан аскердик адатка айланган  ардактуу майрам. Мекенди коргогон мырзалардын азыркы учурда мекенге кызмат өтөп жаткандыгы  же тынч турмушта эмгектенип, окуп жаткандыгына карабай, алардын  эрдиктери опол- тоодой экенин белгилейбиз. Биз ыразычылыбызды  университеттин  кызматкерлерине, студенттерге, ошондой эле өздөрүнүн эрдиктерин татыктуу түрдө көрсөтө алган , атуулдук намысы бийик болгон,  Мекен үчүн тикеден туруп  кызмат кылган  ардагерлерибизге дагы  билдиребиз. Биз урмат сыйыбызды бир гана бүгүнкү күндө мекенди коргогон жана коргоп жаткандарды гана эмес, келечекте Мекенди коргой турган, атуулдук ар-намысын бийик сактай турган, мекен алдында милдетин билип, эрдик көрсөтө турган Кыргызстандын жаш муундарына арнайбыз.  Атап айтканда жаштар, жаш жарандар атадан балага өткөн эрдикти улап, эл жерибизге тынчтыкты орнотуп, Кыргызстандын  гүлдөп өнүгүп-өсүшүнө эбегейсиз салым кошушат. Кесиптик бирлик комитетинин атынан  сиздерди, сыймыктуу, улуу майрам менен куттуктайбыз  жана ар бириңиздерге ачык асман,  бекем ден-соолук, үй-бүлөөлүк бакыт, кажыбас кайрат, ийгилик, ынтымак каалайбыз.

Терең урматтоо менен  К.С Жумабеков

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK