Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

Профсоюз комитети 1- октябрь Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт!

23 сен, 2020


Урматтуу биздин устаттар, кесиптеги чыйыр жолду баштап берген насаатчылар, жол көрсөтүп, акылмандуулук, көрөгөчтүк менен турмуштагы, жумуштагы  ар бир кырдаалды жеңип, биз үчүн үлгү болгон асыл инсандар, сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Сиздер менен тажрыйба алмашып,  кеп-кеңештериңиздерди  угуп,  ак бата  алуу, өмүрдөгү өрнөк боло турган сабактарды сиздер аркылуу көрүп-билүү бизге буйруган чоң кут деп билебиз. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде не деген залкар окумуштуулар, не деген гана чыгаан инсандар иштеген эмес. Бүгүнкү күндө дагы уучубуз кур эмес. Эл сыймыктары, эмгек сиңирген ишмерлер, мугалимдер, эл жазуучулары, илимдин доктор-профессорлору эмгектенип, илим-билимдин даңгыр жолундагы данакерлигин көрсөтүп жатышат. Университеттеги ар бир чоң салтанат кадырман карыларыбыздын ак батасы жок эч качан башталбайт.  Тилекке каршы, быйыл  пандемия биздин көнүмүш жашообузга өзгөртүүлөрдү киргизди.   Covid 19 пандемия учурунда да биздин карыларбыз аралыктан окутуунун бардык шарттарын өздөштүрүп, санариптик ыкмада өз жумуштарын так аткарышып, студенттерге билимди үзгүлтүккө учуратпай берип жатканы биз үчүн сыймык жана баа жеткис баалоону жаратты.  Урматтуу улуулар, улуу муундун үлгүлүү адамдары, агай-эжейлер, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер үчүн окуу жайыбыздын эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан терең  ыраазычылык билдиребиз.  Сиздердин  эмгегиңиздердин  натыйжасында биз Кыргыз Республикасынын эң алдыңкы, билими күчтүү  университетинде эмгектенүүдөбүз. Сиздер бүгүнкү күндө да коомдук жашоодо өз активдүүлүктөрүңүздөр менен жаштарды тарбиялоодогу зор  салымыңыздарды кошуп келүүдөсүздөр. Сиздерге эң негизгиси бекем ден соолук, бакыт-таалай, жакындарыныздарга бакубат жашоо каалайбыз.Терең урматтоо менен  Профсоюз комитети.P.S. Жылдагыдай эле карылар күнүнө карата  Университеттин администрациясы, Профсоюз комитети  тарабынан учурда эмгектенип жаткан карыларыбызга  (аз да болсо) көңүл катары акчалай материалдык жардам көрсөтүлүп, карантин чектөөлөрүнө ылайык иш-чаралар уюштурулат.

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK