Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

Университет жетекчилиги жана Профсоюз комитети Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгы менен куттукташты

8 мая, 2020


Май айындагы эң чоң даталуу майрам Улуу Жеңиш күнү. Улуу жеңиштин 75 жылдыгына  карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги, Профсоюз комитети жылдагыдай куттуктоо иш-чарасын өткөрдү. Университеттин окуу иштери боюнча проректору Темиров Бекжан Кайыпбекович, Профсоюз комитетинин төрагасы Жумабеков Кубанычбек Сатарович, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультеттинин деканы Базакеева Кундуз Жаманчаевна жана Профкомдун аппараты Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышучуулары К.А. Ефимова, С. Узбеков, Ш.Керимбаев, А.Бугубаевдин  үйлөрүнө барып куттукташып,  5000 сомдон акчалай сыйлыктарды жана гуманитардык азык-түүлүк баштыгын тапшырышты. Жогорудагы бул адамдардын опол тоодой, нар көтөргүс эл, жер үчүн эмгеги бар экенин, тылда иштеп, мекен тынчтыгын коргогон жоокерлерге дем күч берип, күн-түн дебей тыным албастан, эмгек үстүндө болушканын айтышып, бекем ден соолук каалашты.

Ал эми ардагерлерибиз, өз өмүрлөрүндөгү орчундуу окуяларын, университеттеги үзүрлүү эмгек  жылдарын жакшы маанай, жакшы элестер менен эстешип, эң башкысы элибиздин тынчтыгын, мамлекеттеги сталбилдүүлүктү кааларын айтышып, азыркы кырдаалды сабырдуулук, биримдик, тартипти сактоо менен сөзсүз жеңебиз деп, университеттин жалпы жамаатына ийгилик, эсенчилик каалап, ыраазычылык билдиришти.

Мекен үчүн, тынчтык үчүн, жеңиш үчүн ардагерлерибизге чын дилден башты ийип таазим кылабыз! Жергебизде ар дайым тынчтыктын желеги желбиреп турсун!

 

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK