Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

1-октябрь — Эл аралык карылар күнү менен куттуктайбыз!

1 окт, 2018


Урматтуу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте эмгектенип, жаштарга талыкпай тарбия берип жаткан аксакалдуу аталар жана ак элечектүү апалар!

Сиздерди 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү менен куттуктайбыз!

Бул дата 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына кошкон. Көптөгөн кылымдардан бери карай кыргыз калкы өз карыларын кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келген жана «Карысы бардын – ырысы бар», «Карынын кебин капка сал», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деген сыяктуу макал-лакаптар жашап, алар улуу муунду кадырлоонун уңгулуу насыяты катары калкыбыздын аң-сезиминде бекем орногон.

Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын тунук акылы, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак болуп келгендиги элибиздин каада-салтындагы өрнөктүү жөрөлгө.

Урматтуу аталар менен апалар, сиздердин чыдамдуулук, токтоолук, сабырдуулук жана көсөмдүк касиет-сапаттарыңар жалпы элибизге жакшы жышаанасын артып, окуп билим алып жаткан жаш муундар үчүн кеменгер жол ачат деген терең ишенебиз!

Үй-бүлөлүк бакыт жылоолоп, кутман карылыктын жемишин даамдап, ар дайым төрүбүздүн көркү болуңуздар!”.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Профкому.

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK