Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамаатынын ыраазычылык акциясы

4 апр, 2020


Бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү болуп  жаткан курч, коркунучтуу кырдаал  биздин өлкөбүздө да жүрүп жатат. Мына ушундай кырдаалда дагыгерлер менен милиция кызматкерлери күн-түн дебей эл, жер үчүн тыным албай иштешип, мекен жүгүн аркалоодо.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин айрым декандарынын демилгесин Профсоюз уюму колдоп, жалпы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамаатынын атынан ыраазычылык акциясын өткөрүштү. Бишкек шаарындагы тынчтыкты, саламаттыкты сактап жаткан  блок посттогу милиция кызматкерлерине атайын ысык тамак, таттууларды, суусундуктарды өз каражаттарынын эсебинен таратышты. Албетте, Кыргыз улуттук университеттин атынан ыраазычылык айтышып, аларга бекем ден соолук күч-кубат каалашты.

Жакынкы күндөрдө биргелешкен, ийин тирешкен ынтымак, сабырдуулук менен бул кыйын күндөрдү жеңебиз! Билим берүүдөгү өз ишмердүүлүгүбүздү алдыдагы жаркын күндөрдө улайбыз деген ойдобуз! Барыңыздарга бекем ден соолук каалайбыз!

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK