Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи

24 мар, 2017


2017-жылдын 20-мартында башкы имараттын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи.

Эрте менен бүркөлүп турган күн дагы майрамдык салтанат башталаар алдында жарк этип ачылып, чогулган элге майрамдык маанай тартуулады._Умай эне аянтта отурган жамааттыарча түтөтүп_аластагандан кийин,_ректор Чынара Адамкулова_Улуттук университеттин окутуучу, кызматкер жана студенттерин Нооруз майрамы менен_куттуктады.

Андан кийин аянтка КУУнун жигит, кыздары чыгышып, Сармерден оюнун көрсөтүштү. Оюндун жүрүшүндө улуттук форма кийген кыздар төрдө отурган ардагер эже-агайларга сүмөлөк, боорсок ооз тийгизишсе, атайын түзүлгөн комиссия факультеттер жамааты даярдап келген майрамдык столдордогу даамдардан ооз тийип, баалап жүрүштү.

Комиссиянын чечими менен майрамдык столдордун сынагында биринчи орунду тарых жана чөлкөм таануу факультети менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети ээлесе, экинчи орунду мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети менен экономика факультети жеңип алышты, ал эми үчүнчү орунга журналистика факультети менен педагогика факультети жасап келген майрамдык стол татыктуу болуп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетчү нерсе, бул күнү КУУнун көпчүлүк окутуучу, кызматкер жана студенттери, ал эми тарых жана чөлкөм таануу факультетинин, педагогика факультетинин жана_экономика факультетинин_жалпы жамааттары_улуттук кийим кийип жүрүштү._Анткени, бул күнү улуттук кийимдердин да сынагы болмок. Комиссия мүчөлөрү факультеттерге бул көрсөткүч боюнча да баа беришип, жеңүүчүлөр сыйлыктарга татыктуу болушту. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө улуттук оюндар боюнча да сынак өткөрүлдү.

Иш-чаранын соңунда салтанаттын уюштуруучусу болгон КУУнун кесиптик бирлик комитети майрамдын катышуучуларын даам сызып кетүүгө чакырды.

Майрамдык салтанаттын катышуучуларынын айтымында, бул жылкы Нооруз майрамы өзгөчө шаң, өзгөчө даярдык, өзгөчө программа менен белгиленди.

 

 

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK