Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

23-февраль Мекенди коргоочулар күнү майрамыңыдар менен куттуктайт!

22 фев, 2017


Урматтуу кесиптештер жана студенттер!!!

Кыргыз Улуттук университетинин КЕСИПТИК БИРЛИК КОМИТЕТИ – 23-февраль Мекенди коргоочулар күнү майрамыңыдар менен куттуктайт!

Бул — эр жүрөк, туруктуу, руху күчтүү жана мекенчил мырзалардын майрамы. Мындай адамдар мекенге кызмат өтөп жатабы же тынч турмушта эмгектенеби, окуйбу биз үчүн маанилүү эмес. Биз мекенди коргогон жана азыркы учурда коргоп жаткандарды гана эмес, келечекте керек болгон учурда мекенибизди коргой ала турган жаш муундун эр-азаматтарына да таазим этебиз. Дал ушул эр-азаматтарыбыз ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, келечекте мекендештерибиздин тынчтыгын коргоп, Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө өбөлгө түзө тургандар.

Ушул уулу майрам менен куттуктап жатып Кесиптик бирлик комитети сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, ырашкердүүлүк жана ынтымак каалайбыз!

 

КУУнун Кесиптик бирлик комитети

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK