Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Бириккен профсоюздук комитети

Объединенный профсоюзный комитет

Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

Майрамыңыздар менен, урматтуу КУУнун айымдары!

14 мар, 2018


2018-жылдын 6-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Жадыраган жаз менен кошо кирип келген 8-март майрамы менен Улуттук университеттин айымдарын ректор Канат Садыков кызуу куттуктады.

Андан кийин КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков да жыйында катышып отурган бөлүм башчы, кафедра башчы жана декан айымдарды Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, гвоздика гүлдөрүн, ал эми январь-март айларында маараке жашын белгилеп жаткан эжелерге гүл менен кошо акчалай сыйлыктарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Салтанаттуу иш чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң, сахнага КУУнун таланттуу студенттери чыгып, жыйындын катышуучуларына чакан концерт көрсөтүштү.

Урматтуу Кыргыз улуттук университетинин айымдары!

Сиздерди жадыраган жаз менен кошо кирип келген 8-март майрамыңыздар менен КУУнун эркектер жамааты чын жүрөктөн куттуктайт.

Бизди жарык дүйнөгө алып келген, азап-тозогобузга чыдап тарбиялап өстүргөн энелерибизге; таалим-тарбия берип, турмуш жолуна салган эжейлерибизге; бизди түшүнүп, сыйлаган жубайларыбызга; жакабыздагы кундуздай жаркыраган карындаштарыбыз менен бизге күйүп-бышкан камкор кыздарыбызга арыбас өмүр, чөкпөгөн көңүл, кызыл гүлдөй назиктик, кызыган оттой жылуулук каалайбыз.

Аялзаты болбосо ааламдын өзү көрксүз, турмушубуз кызыксыз, үйүбүз ээсиз калгандай туюлаары чындык. Андыктан ар дайым бар болуңуздар, тирүүлүктүн булагы болгон аялзаты! Ар бириңиздерге баш ийип, таазим этебиз!

КУУнун басма соз кызматы -2018

Разработка и поддержка сайта IMS BISHKEK